Abank
SerepTV Logo

ТИМ кыргызстандыктарды Суданга баруудан баш тартууну сунуштады

ТИМ кыргызстандыктарды Суданга баруудан баш тартууну сунуштады
Суданда регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз жарандарына аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргыз мамлекетинин Сауд Аравиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Судандын аймагында жашаган Кыргыз жарандары катталган эмес.