Abank
SerepTV Logo

"Теке кубалап кеткен". Чүйдө тоого кеткен аңчы дайынсыз болуп жатат

"Теке кубалап кеткен". Чүйдө тоого кеткен аңчы дайынсыз болуп жатат

Куткаруучулар Сокулуктагы тоодо дайынсыз болгон жаранды издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Төш-Булак айылындагы Кичи-Тоо тоосуна 1961, 1972-жылы туулган жарандар аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү 1961-жылы туулган жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген. Ал эми экинчи жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн аталган жаранды издөөгө 5 куткаруучу тартылды.