SerepTV Logo

"Тасмадан үзүндү". Милиция интернетте тарап, кызуу талкууга түшкөн видео боюнча маалымат беришти

"Тасмадан үзүндү". Милиция интернетте тарап, кызуу талкууга түшкөн видео боюнча маалымат беришти
Кечээ, 20-октябрда социалдык тармактарга блогер Эртай Искаков видео жарыялаган. Анда жол кырсыктын видеосу көрсөтүлүп, андагы жарандын "менин атамдын ким экенин билесиңби?" деп жатканын көрүүгө болот. Бул видео коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "Мунун атасы ким экен? Бул эмне тасмабы?" деген суроолорду жаратты. Көп өтпөй эле Милициянын кайгуул кызматы видео боюнча маалымат беришти. Андагы маалыматка караганда, бул тартылган тасмадан үзүндү. "Жол кырсыктарын алдын алуу жана мас абалда унаа каражатын башкарган айдоочунун абалын камтыган кино тартылган. Бул видео блогер Болот Ибрагимов, Эртай Искаков, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда тартылган кинодон кыскача үзүндү. Кино алдыңкы күндөрү кинотеатрларда көрсөтүлүшү күтүлүүдө", - дешкен. Андан кийин видеодогу "менин атамдын ким экенин билесиңби?" деп жаткан жаран актер экенин айтып, тасма тартылып жатканын билдирди.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УПСМ г.Бишкек (@upsm_kg)

Ош юстиция башкармалыгынын начальниги Уларбек Жунусов 45 жашында каза болду

14:21 09.09.2026

Ээрчише баскан экс-премьерлердин сүрөтү соцтармакта жарыяланды

09:24 12.09.2026

Аида Касымалиева «эмне үчүн?», «мындан ары эмне болот?» деп суроо салгандарга жооп жазды

11:12 09.09.2026

Депутат Бекешев: "Касымалиев окуу китептеринин базарда сатылып жатканын иликтөөнү УКМКга жана ИИМге тапшырды"

11:32 16.09.2026

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

15:57 09.09.2026

Бишкекте унааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет

12:08 10.09.2026

«Бишкек Аренада» өтө турган бүгүнкү концертке шаттл-автобустар уюштурулат

09:52 18.09.2026

Токмокто базар маселеси боюнча тургундар менен жолугушуу өттү

09:49 18.09.2026

Садыр Жапаров Кореядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине барды

15:21 17.09.2026