Ташталган ымыркайлар. Депутат Сурабалдиева беби-бокс киргизүүнү сунуштады
Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ташталган ымыркайлар боюнча беби-бокс маселесин көтөрдү.
"Дагы бир 20 жаштагы кыз ымыркайын таштап кетип жатат. Өткөн чакырылышта эле мен өкмөттөн суранып, беби-бокс киргизбейлиби дегем. Мага акча көп кетет дешкен. Кыргызстандын бир жаранынын жашоосунун баркы барбы? Бир адамдын баасы канча?" - деди депутат.
Ага эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова адам өмүрү акча менен бааланбайт деп жооп берди. "Мен да бул сунушту колдойм", - деди министр.