Ташиев Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган чек арачыга 3 бөлмөлүү үй берди
Бүгүн, 19-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара кызматкери Дастан Шарипов менен жолугушту. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушуу учурунда Ташиев ага Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан сырткары, УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана ал жаш муунга үлгү экендигин белгиледи.
2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="202753,202754,202755,202756,202758,202759"]