Abank
SerepTV Logo

Ташиев Оштогу ат майданда чыр чыгаргандар жазасыз калбай турганын айтты

Ташиев Оштогу ат майданда чыр чыгаргандар жазасыз калбай турганын айтты
Оштогу ат майдандагы болгон башаламандык боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев үн катып, чырга айлантып жибергендер жазасын калбарын билдирди. "Бүгүн баарыбыз Эгемендик күнүн майрамдап, өлкөнүн бардык жерлеринде майрам өтүп жатат. Ошолордун бири Оштогу "Төлөйкөн" ат майданындагы болгон окуя боюнча айтып кетейин дедим. Ал жерде жосунсуз жорук катталды. Өтө көп адам чогулгандыктан эки команданын беттеши чырга айланды. Жакшы эмес адамдар, 5 -10 жакшы эмес адамдын кылыгынан көпчүлүк эл эмоцияга берилип кетти. Кыргыз болгондон кийин ынтымактуу болуп, тынчтыкты сактаганга милдеттүүбүз. Бул спорт. Бирөө утат, бирөө жеңилет. Укук коргоо органдары, коопсуздук органдары ошол жердеги видеолорду көрүп, факты топтошуп, кайсы адамдар ошону баштаганын аныктап, тактайт. Ар бирине мыйзам чегинде чара көрүлөт. Биз эч качан региондорго бөлүнбөшүбүз керек", - деди ал.