Ташиев: "Чек арачыларга үй курулуп жатат. Буюрса, 2-3 айда кирип калышат"
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чек арачыларга үй курулуп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"Бул үйдүн жанына дагы бир үй салынмак болуп жатат. Дагы 3 үй курулат. Ушул жердеги офицер жана алардын үй-бүлөсүнүн шартын жакшыртууга шарт түзүлүүдө. Мунун баары мамлекеттик бюджеттен салынат. Буюрса, 2-3 айда кирип калышат. Мамлекет чек арачыларга жакшы көңүл бөлүүдө. Кийим-кечесинен баштап, керектүү жарактардын баарын даярдап берүү боюнча милдет коюлган", - деди ал.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">