Abank
SerepTV Logo

Таш-Көмүрдө 28 жаштагы Онархон июнь айынан бери дайынсыз болуп жатат

Таш-Көмүрдө 28 жаштагы Онархон июнь айынан бери дайынсыз болуп жатат
Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1995-жылы туулган Усумбаева Онархон Усанбаевна 23-июнь күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, толук дене түзүлүштө, оӊ бетинде калы бар, акыл-эси жакшы эмес. Кийген кийимдери: Белгисиз. Дайынсыз болуп жаткан Усумбаева Онархон Усанбаевна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, кабарлап коюуңуздарды суранышат: 102, (03745) 5 02 57, 0702 16 98 97, 0552 49 60 02.