"Тамчы, тамчы, айтчы, айтчы..." деп ырдаган Алмаз Абдылдаев каза тапты
"Тамчы, тамчы, айтчы, айтчы, Качан келет сүйүү жазы..." ушул ыр саптарын укпаган адам болбосо керек. 90-жылдарда калың журттун жүрөгүнөн орун тапкан "Тамчы" ырынын автору Алмаз Абдылдаев 52 жашында каза болду. Маркум ырчынын үй-бүлөсү, кесиптеши Азиза Адиева анын акыркы учурда оору менен алышып жүргөнүн айтып, эскеришти.
"Ооруларын кээде айтып калчу. Көп айтчу эмес. Мен эне катары сезчүмүн. Былтыртан бери көп ооруп, 2 жолу операция болду. Ак канга чалдыкты деп айтышты. Билбей калыптырбыз. Менден жашырып, "жакшы болуп калдым" деп жатты. Кичинесинен боорукер болчу", - деди апасы.
"Биз 12 жыл чогуу жашадык. Улуу балабыз 11 жашта. Үйдө боорукер ата болду. Операция 6 саат болду. Жандандыруу бөлүмүндө жатып, өзүнө келди. 1 суткадан кийин басты. Кыйналды. Кийинчи жуманын 1-күнүндө кайра операция болду. Басып жүрүп эле "сууга тойбой жатам" дечү. Суу ичип, менин чекемен өптү. Кыйналып жатты. Акыркы жолу балдарды сурап, куруп жаткан үй боюнча пландарын айтты. 7 күн карап жаттым, баарын сүйлөштүк", - деди жубайы.