Abank
SerepTV Logo

Таластын тургуну диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты

Таластын тургуну диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты
Талас облусунун тургуну «Йакын инкар» диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 14-сентябрда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында, сот тарабынан тыюу салынган аталган диний экстремисттик уюмдун тарапкери – 1990-жылы туулган жаран өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мыйзамсыз идеологиясына алдырбоого чакырды.