Таласта сууга чөгүп кеткен классташ кыздар. Милиция аталган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди
Милиция Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына барып, сууга чөгүп кетпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.
"Бакай-Атада дайыма милициянын көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, табличкаларды, эскертүүлөрдү илип турушат", - дешти облустук милициядан.
- ӨКМга Талас каналына 24-июнда 14 жана 13 жаштагы 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/talas-kanalyna-chogyp-ketken-eki-ospyrym-kyz-biroosynyn-jansyz-denesi-tabyldy/">табылган. Ал эми 2009-жылы туулган кызды кечинде саат 17:30 чамасында жергиликтүү тургундар Миң-Булак айылынан табышкан." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/talas-kanalyna-tyshyp-ketken-ekinchi-kyzdyn-jansyz-denesi-tabyldy/">табышкан. 25-июнда алар жерге берилген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/suuga-tyshoryn-ech-kim-bilgen-emes-talas-kanalyna-chogyp-ketken-klasstash-kyzdardyn-soogy-jerge-berildi/">берилген.