Abank
SerepTV Logo

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө торпок берилди

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө торпок берилди

Талас районунда аз камсыз үй-бүлөлөргө торпок берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Талас районунун баш имамы Райымберди Өмүралиевдин сунушу, жаштардын сүрөөнчүлүгү менен Кара-Суу айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Айылдагы 29 тургунга тамак-аш азык-түлүктөрү таратылып, андан тышкары келечекте саан уй менен камсыздоо максатында 3 үй-бүлөгө ургаачы торпок берилген. «Баарыбыз билгендей, бул кайрымдуулук ишине жалпы 190 миң сом каражат сарпталды. Кайрымдуулукка жумшалган каражатыңыздар Жараткан тарабынан эселеп кайтат буйруса. Мындан ары да ишиңиздер ийгиликтүү, берекелүү болсун», – деди район баш имамы.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176368,176369,176370,176371,176372"]