Abank
SerepTV Logo

"Таласта 25 жаштагы келин төрөп, наристесин итке салып берген" деген окуя 7 жыл мурда болгон

"Таласта 25 жаштагы келин төрөп, наристесин итке салып берген" деген окуя 7 жыл мурда болгон
Учурда айрым соцтармактагы баракчалар "Таласта 25 жаштагы келин төрөп, наристесин итке салып берген" деген аталыштагы жаңылыкты жарыялап жатышат. Ошондой эле маалыматта келиндин сүрөтү тиркелип, ит наристенин 2 колун, 2 бутун, башынын жарымын жеп салганы жазылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Талас ОИИБге кайрылганыбызда, бул окуя 7 жыл мурда Талас шаарында орун алганы маалым болду. "Белгисиз себептер менен бул маалымат козголуп, элдин көңүлүн буруп жатат. Бул окуя 7 жыл мурун Талас шаарында орун алган. 2016-жылы болгон. Төрөгөн эне аныкталып, жоопко тартылган",- дешти.