Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен талкаланган үйдө отурган чек арачы (сүрөт)
УКМКнын Чек ара кызматы Баткен районунун Самаркандек айылында тартылган сүрөттү таратты.
Сүрөттө чек арачы тартылган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен талкаланган үйдө отурат.
14-17-сентябрда Баткен районунун чек ара айылдарына Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болгон. Натыйжада 63 кыргызстандык каза болуп, 206 адам жаракат алган.