Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 63 адамга жетти деген маалыматты министрликтен жокко чыгарышты
Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 63 адамга жетти деген маалыматты ӨКМден жокко чыгарышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алимбек Токторовдун айтымында, басма сөз кызматынын кызматкери буга чейин таратылган маалыматта катачылык кетирип алган. "Каза болгондор тууралуу маалыматты ӨКМ эмес, Саламаттыкты сактоо министрлиги таратышат", - деди Токторов.
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, чек арада каза болгондордун саны 63 адамга жеткенин билдиришкен." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tajikstandyn-kol-saluusunan-kaza-bolgondordun-sany-1-adamga-koboidy/">билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен каза болгондордун саны 62 адам экенин айтышты. "ӨКМ маалымат таратканда биз да тактап баштадык. Ыкчам маалымат боюнча, каза болгондордун саны 62 адам дешти",- деди басма сөз кызматынан.