Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Мыктыбек Мурзажанов менен Айбек Ысманов "Эрдик" медалы менен сыйланды
Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Мыктыбек Мурзажанов менен Айбек Ысманов "Эрдик" медалы менен сыйланды.
16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов кызмат ѳтѳѳ учурунда каза болгон. Ал 3 жылдан бери ИИМде иштеп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/3-jyldan-beri-iimde-ishtep-kelgen-tajik-taraptyn-kol-saluusunan-milicziyanyn-uluk-serjanty-koz-jumdu/">иштеп келген.
Баткен шаарынын тургуну 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович чек арадагы атышууда көз жумган. Ал 2010-жылдан бери ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан. 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/12-jyldan-beri-okmde-ishtep-kelgen-chek-aradagy-atyshuuda-35-jashtagy-leitenant-koz-jumdu/">жубайы калды.