Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 206 адамга жетти
Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 206 адамга жетти. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Каза болгондордун саны мурдагы боюнча - 62 адам.
Буга чейин министрлик Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 198 адам жабыркаганын, анын ичинен 61 амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнүн билдиришкен.