Abank
SerepTV Logo

Тажикстандын кол салуусу. Мюнхенде кыргызстандыктардын митинги өттү

Тажикстандын кол салуусу. Мюнхенде кыргызстандыктардын митинги өттү
Мюнхенде (Германия) кыргызстандыктардын Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршы митинги өттү. Уюштуруучулардын айтымында, Тажикстандын кол салуусуна каршы болгон 60ка жакын адам чогулган.  Белгилей кетсек, кыргызстандыктардын митинги Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда, Чехияда, Германиянын дагы бир шаарында – Франкфурт-на-Майнеде өткөн.