Тажикстандагы жол кырсык. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок
Тажикстандагы ири жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
6-август күнү кечинде Душанбе-Куляб-Хорог унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Дулон үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормозу иштебей калгандыктан бир нече жеңил унааны жана эки турак жайды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/jyk-tashuuchu-unaa-yilorgo-cheiin-kirip-ketken-tajikstandagy-jol-kyrsykta-10-kishi-kaza-boldu/">жайды сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алган. Окуя болгон жерге ички иштер министри, саламаттыкты сактоо министри, Хатлон облусунун башчысы жана башка жетекчилер жөнөп кетишти.