Abank
SerepTV Logo

Тажикстан тарапка кирип кеткен мал өз ээсине кайтарылды

Тажикстан тарапка кирип кеткен мал өз ээсине кайтарылды
Баткенде милиция кызматкерлери Тажикстан тарапка кирип кеткен малды ээлерине кайтарып берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун кароосуз жүргөн 6 баш ири мүйүздүү малы СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына 8-июль күнү кирип кеткен. Көк-Таш айылдык милиция бөлүмү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды. Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.