Тажик чек арачылары автоматты кайтарып беришти. Рация табыла элек
Тажик чек арачылары автоматты кайтарып беришти. Рация табыла элек. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
Кечээ, 24-мартта Арка-Борбордук жолунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, анда тажик тарап кыргыз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyz-tajik-chek-arasynda-kural-koldonuu-menen-chyr-chatak-orun-aldy/">кыргыз аскер кызматкеринен тартып алган АК-74 автоматын өткөрүп берди. Радиостанция табыла электигин жана издеп жатышканын билдиришкен.