Abank
SerepTV Logo

Сүйүнчү! Бишкекте 3 эм уул төрөлдү

Сүйүнчү! Бишкекте 3 эм уул төрөлдү
15-сентябрда Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 34 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3 килограмм 300 грамм, 3 килограмм 660 грамм, 3 килограмм 445 грамм салмакта төрөлгөн. «Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», - деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/09/380480538_342486561512052_4802077891436120368_n.jpg" alt="" width="1000" height="563" />