"Сүйүктүү кызым менен 8 жылдан бери сүйлөшөм". Блогер "Бөрү" жоокерлери сүйлөп берген видеону бөлүштү
Мали аты менен белгилүү блогер "Бөрү" жоокерлери менен сүйлөшүү учурунда тартылган видео менен бөлүштү. Биринчи жоокер чек арадагы атышуу 14-сентябрда саат 08:00 чамасында башталганын айтып жатканын угууга болот. "14-сентябрда саат 08:00 чамасында атуу башталды. Кийин токтоду. 2 күндөн кийин жаңы күч менен кайра башталды", - дейт.
Экинчи жоокерден "бүгүн эмне жедиңер?" деген суроого "ботко, нан, таттууга шоколад" деген жооптуу алган.
Дагы бири сүйлөшкөн кызы бар экенин айтып, аны менен 8 жылдан бери сүйлөшөрүн, анын кабатыр болуп жатканын билдирди. "Мен 25 жаштамын, үйлөнүшүм керек", - дейт ал күлүп.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram