Abank
SerepTV Logo

Сузакта Сергей Белов 24-марттан бери дайынсыз болууда. Милиция элден жардам сурайт

Сузакта Сергей Белов 24-марттан бери дайынсыз болууда. Милиция элден жардам сурайт
Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну 1976-жылы туулган Белов Сергей Романович 24-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 190-195 сантиметр, кашы, чачы сары, көзү көк, арык дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркайт, мурдунун үстүндө тырыгы бар. Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кызыл түстөгү куртка, аскердик шым, кара түстөгү кроссовки болгон. Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03722) 5 28 31, 0777 63 63 13, 0999 63 03 03 номурларына чалсаңыздар болот.