Abank
SerepTV Logo

Сузакта өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айткан 18 жаштагы кыз. Шектүү 2 айга камакта калтырылды

Сузакта өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айткан 18 жаштагы кыз. Шектүү 2 айга камакта калтырылды
Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыккан. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташкан. Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган атасы зордуктап салганын билдирген. Бул факты Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 29-мартта шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынганы маалым болду.