Сузакта окуучуларды указка менен урган мугалимге сөгүш берилди
Буга чейин социалдык тармактарда окуучуларды указка менен урган мугалимдин видеосу тараган. Маалыматка караганда, видео 12-апрель күнү Жалал-Абад облусундагы Жерге-Тал айылындагы №11 Мария Орозалиева атындагы мектепте" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/okuuchulardy-sabap-jatkan-mugalimdin-videosu-tarady/"> тартылган.
Видео боюнча Билим берүү министрлигинен үн катышты. "Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, аталган окуя 12-апрелде Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.