Сузакта мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды
Сузакта дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Малаасман-оглы Али табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 13-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 2022-жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/suzakta-11-jashtagy-ospyrym-mal-kaitaryp-jyryp-kachyp-ketken-boidon-daiynsyz/">берилген.
Кайдыгер эмес жарандар тарабынан баланын болжолдуу даректери милицияга берилген. Али Сузак районунун Октябрь айылында жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүп берилген.