Abank
SerepTV Logo

Сузакта 18 жаштагы Айнура Ирисалиева 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Сузакта 18 жаштагы Айнура Ирисалиева 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатат
Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну 2004-жылы туулган Ирисалиева Айнура Руслановна 9-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда Айнура Ирисалиеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө. Кийген кийимдери: Ак түстөгү жоолук, кара түстөгү узун плащ, сары түстөгү узун көйнөк, кара түстөгү галош болгон. Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03722) 7 39 90,  0553 78 00 78,  0771 93 60 70 номурларына чалсаңыздар болот.