Abank
SerepTV Logo

Сузакта 11 жаштагы өспүрүм мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз

Сузакта 11 жаштагы өспүрүм мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз
Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын талаасында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 130-140 сантиметр, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто  дене түзүлүштө. Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү жемпир, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым, бутунда кызыл түстөгү кроссовки болгон. Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Номурлар: (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78.