Royal
SerepTV Logo

"Сулайман-Тоого барып ооз ачпайлыбы?" дегендерге музей комплексинен жооп беришти

"Сулайман-Тоого барып ооз ачпайлыбы?" дегендерге музей комплексинен жооп беришти

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Сулайман-Тоого чыгып ооз ачууга чакырык болуп жатат. Мындан улам Сулайман-Тоо музей комплексинин баракчасына маалымат жарыяланды.

"Сулайман-Тоо Дүйнөлүк мурастардын тизмесине ыйык тоо катары катталган зыярат жайы. Тоого көңүл ачуу, тамактануу үчүн эмес, зыярат жасоо үчүн келүүгө чакырабыз! 2024-жылдын 1-январынан тартып Сулайман-Тоого желим баштык жана желим идиштерди алып чыгууга тыюу салынганын эскертебиз", - дешти.