Royal
SerepTV Logo

Сугат суу таңкыстыгы. Чүйдүн дыйкандары кайрадан митингге чыгышты (видео)

Сугат суу таңкыстыгы. Чүйдүн дыйкандары кайрадан митингге чыгышты (видео)

Чүй облусунун дыйкандары сугат суунун жоктугунан кайрадан митингге чыгышты. Ак-Жол айылынын жанындагы акцияга 200гө жакын жергиликтүү тургундар чогулушту.

«Бир нече күндөн бери сугат суусуз отурабыз. Түшүм талаада куурап жатат. Бул жерге жакынкы айылдардан, Ак-Жолдон, Манастан, Дача СУдан жана Сокулук районунун башка айылдарынан адамдар чогулушту. Бизге суу берүүнү талап кылабыз», - дешти алар. 

Буга чейин 14-июнда Өкмөт үйүнүн жанында Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары митинг өткөрүшкөн.

https://youtu.be/Veq0kohCuIg