Abank
SerepTV Logo

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев каза болду

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев каза болду
Москвада 91 жашында СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев каза болду. «Михаил Сергеевич Горбачев катуу жана узакка созулган оорудан кийин бүгүн кечинде каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Горбачев КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Башкы катчысы (1985-1991), СССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы төрагасы (1988-1989), СССРдин биринчи жана акыркы президенти (1990-1991) болгон. Горбачев бир катар сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды, анын ичинде 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган.