Спортчу Нурлан Эралиев мезгилсиз дүйнө салды
Кечээ, 16-октябрь күнү самбо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, дене тарбия жана спорттун отличниги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн капитаны Нурлан Эралиев 38 жаш курагында спорттук жаракаттан улам мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Спортчу 3 кыздын атасы. Ал спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эки жолку Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байгесинин ээси.
Анын сөөгү бүгүн, 17-октябрь күнү саат 15:00дө өзү туулуп өскөн Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылында жерге берилет.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="208701,208702,208703"]