"Сөз эркиндиги үчүн биз - бирбиз". Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады
Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өттү. Жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктады.
Активисттер "Ала-Тоо" аянтында бири-биринин колун кармашып, тегерек болуп турушуп, "Сөз эркиндиги үчүн биз - бирбиз", "Сөзгө эркинбиз", "Кысымга жол жок" деп кыйкырышты.
Андан соң, "Надира Нарматова, мандатты тапшыр" деп жазылган плакатка кол коюшту.