Союз мезгилиндегидей. Депутат ар бир мектепке 5-10 гектар жер бөлүп берүүнү сунуштады
20-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев сунушу бар экенин айтты.
"Союз убагында кант кызылчасын, картошка айдап, биз мектепте окуп жүргөндө сол-сол кылып бөлүп беришчү. Биз аны отоп, түптөп, күзүндө өткөрүп берчүбүз. Азыр мектептер курулуп, жаркыраган мектепте окуп жатышат. Ар бир мектепке 5-10 гектар жер бөлүп берүү менен мамлекеттин бюджетин да үнөмдөп, окуучуларды да эмгекке үйрөтө алабыз", - деди депутат.