"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, "Сосновка" постунда саат 10:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 117-142 жана 187-209-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Өлкөнүн башка ашууларында жааган кар аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат. Каттам бар.