"Сосновка" өтмөгүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Кечээ, 31-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 15:45тен тартып Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Бүгүн, 1-ноябрда ӨКМден киргизилген чектөө бүгүн саат 07:00дө алынганын билдиришти.