"Сосновка" менен "Арал" өткөрмө пункттары ачылды
Бүгүн, 12-январда Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Токтогул районундагы "Арал" өткөрмө пункттары ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 11-январда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында өткөрмө пункттарына чектөө киргизилген.