"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды
"Сосновка" жана "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти.
Бүгүн, 23-ноябрда таң эрте Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган постторго оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.