"Сосновка" жана "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
"Сосновка" жана "Арал" постунда саат 12:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Бишкек - Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 14:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ошондой эле аталган унаа жолдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 12:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди",- деп айтылат маалыматта.