Royal
SerepTV Logo

"Сорос-Кыргызстан" фондунун мурдагы жетекчиси УКМКга суракка чакыртылганын айтты

"Сорос-Кыргызстан" фондунун мурдагы жетекчиси УКМКга суракка чакыртылганын айтты

“Сорос-Кыргызстан” фондунун мурдагы жетекчиси, мурдагы билим берүү министри Чыныра Жакыпова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага УКМКнын кызматкерлери барган. Алар ага кылмыш иши боюнча бүгүн, 17-июнда саат 15:00дө баруусун талап кылышкан. 

Июнь айынын башында “Сорос-Кыргызстан” фондунун азыркы директору Шамил Ибрагимов суракка алынганы айтылган. Анын айтымында, сурак мекеменин имаратты сатып алуусу менен байланыштуу болгон.