Abank
SerepTV Logo

Сокулуктагы 5-6 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектеп. Тургундар президентке кайрылды

Сокулуктагы 5-6 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектеп. Тургундар президентке кайрылды
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүйдөгү Сокулук районуна карашту Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Западное айылынын тургундары кайрылып, президент Садыр Жапаровго үнү жетпей жатканын айтышты. Алардын айтымында, айылдагы мектептин курулушу 5-6 жылдан бери бүтүрүлбөй келет. "Биздин окуучулар 5-6 чакырым алыстыкка барып окуп келишет. А биздин айылдагы мектепке кыш коюлган бойдон турат. Стадионду бузуп, мектеп салып беребиз дешкен. Качан бүтөрү белгисиз. Кичинекей "чарчап" калган мектебибиз бар, бирок ал жакта 4-класска чейин эле окутат", - дейт видеонун автору. Алар ошондой эле 30 жылдан бери жамалбаган жолунун видеосу менен бөлүштү. "Биз өлкө башчыга кайрылабыз. Биздин үнүбүздү угуп коюңузчу", - дешти тургундар.