Сокулукта сабалган баланын ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелди
Сокулук районунда сабалган эки жашар баланын энеси менен атасы тергөө учурунда ата-энелик укуктарынан чектелди. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган баланын мындан аркы жашоосун аныктоо үчүн Сокулук районунун балдар иштери боюнча комиссиясынын жеринен тышкаркы отуруму болуп өттү. "Балдар иштери боюнча комиссия баланын жана анын үй-бүлөсүнүн абалына талдоо жүргүзүүнүн негизинде баланын ата-энесинин жана чоң энесинин пикирин угуп, ата-энесинин экөөнүн тең ата-энелик укуктарын чектөө жана балдарды өткөрүп берүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алды. Алар чоң энесинин убактылуу камкордугунда, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-2-jashtagy-bala-dene-jarakattary-menen-oorukanaga-tyshty/">маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-kogala-bolup-oorukanga-tyshkon-2-jashtagy-balany-apasy-sabagan/">жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-kogala-bolup-oorukanaga-tyshkon-balany-saboogo-shektyy-karmaldy/">жаран кармалган.