"Сиздин пикир маанилүү". Министрлик фонограмма боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзүп жатат
Маданият министрлиги учурда фонограмма боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзүп жатат. Алар ар бир жарандын ою маанилүү экенин билдиришти.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган. Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керекпи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз...