"Сиздики ар дайым ушундай". Жусупбек Коргонбай уулу депутаттарды дагы күлдүрдү
Бүгүн, 17-ноябрдагы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселелер каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу депутаттарды дагы күлдүрдү.
Ал микрофондон сөз сүйлөө үчүн убакыт сурап, "Мен 22-болуп жазылдым эле, 50гө секирип кетиптир. Балдар компьютерди карап койсунчу" деди.
Жыйындагылар жапырт күлүп жиберишти. "Сиздики ар дайым эле ушундай", - деди Ташиев күлүп.
Ал эми спикер мындай болушу мүмкүн эместигин айтты.