Royal
SerepTV Logo

Сириядан Кыргызстанга 31 аял жана 65 бала алып келинди

Сириядан Кыргызстанга 31 аял жана 65 бала алып келинди
Бүгүн, 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргыз жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Мамлекет башчысы жана Министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргыз жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.