Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы 1 саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз, "112" кызматына токтоосуз билдириңиз", - дешти.