Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат ичинде катуу шамал болушу күтүлөт
Бүгүн, 3-июлда жакынкы бир саат аралыгында күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Катуу шамал учурунда:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиниз.