Abank
SerepTV Logo

Шаардык кеңештин депутаты Бишкектин калктуу конуштарында жарык өчүрүлүп жатканын айтты

Шаардык кеңештин депутаты Бишкектин калктуу конуштарында жарык өчүрүлүп жатканын айтты

«Бүгүнкү күндө Бишкектин төмөнкү бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Борбордо өчүрүлбөй эле», - деди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов («Ынтымак»). Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, дал ушул чет жакаларда, конуштарда электр жарыгы күнүнө 2 жолу 3-4 сааттан өчүрүлөт. «Эмне үчүн мындай өчүрүүлөр болуп жатат? Жарык өчкөн учурда көчөдө жарык күйүп турат. Балдар мектепке даярдануу, үй тапшырмаларын аткаруу керек болгон учурда - жарык жок. Бул кандай?" — деп сурады депутат.

Ага көчөлөрдү жарыктандыруу "Бишкек жарыкка" тиешелүү экенин айтышты. Эргешовдун айтымында, электр энергиясын үнөмдөйбүз десе комплекстүү иш алып баруу зарыл. 

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев акыркы жолу да өчүрүүлөр боюнча мэрияга кабарланбаганын билдирди. «Биз маселени көтөрдүк, эгерде мындай жагдайлар жаралса, алар өз убагында кабарлоого убада беришти", - деди ал.