Селекцияда кескиленген келиндин жакыны: "Дагы 4-5 операция керек дешти"
«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/selekcziya-aiylynda-kyioosy-ayalynyn-beti-bishyn-keskilep-salgany-aityluuda/">соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/selekcziya-aiylynda-beti-bashy-kesilgen-kelin-shektyy-karmaldy/">маалымат беришип, шектүү кармалганын айтышкан.
Бүгүн, 21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берип, абалы орточо оордукта экенин, ага 8 саат операция жасалганын билдиришти. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/selekcziyada-beti-menen-moyunu-keskilengen-ayalga-8-saat-operacziya-jasaldy/">билдиришти. Ишти ИИМ башчысы өз көзөмөлүнө алды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин жакындары коомчулукка кайрылып, операцияга акча топтоп жатышканы маалым болгон. Жакындары менен байланышканыбызда маалыматты тастыктап, алдыда дагы 4-5 операция жасалары, болжолдуу ал операциялар Кыргызстанда эмес, Түркияда жасаларын билдирди. "Кечээ 8 саат операция жасап, кулагы менен мурдун тигишти. Эми дагы операциялар керек болот экен. Акча чогултууну баштадык. Бирок азыр канча акча керек болорун билбейбиз", - деди жакыны.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Мбанк: 0500 20 25 93 Гульзат О.
Сүрөттөр келиндин жакындарынын уруксаты менен жарыяланды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="203460,203461,203462"]